Таласта сууга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери уланууда

25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 279

Талас дарыясына агып кеткен 15 жаштагы Байел аттуу өспүрүмдү издөө иштери үчүнчү күндөн бери уланууда. Дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, агымынын күчтүүлүгү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундардын ишин бир топ татаалдаштырууда.

Учурда издөө иштерине Чоң-Токой айылынын жашоочулары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылган. Бирок издөө иштерин кеңейтүү үчүн кошумча жардамга муктаждык жаралып жатканын уюштуруучулар билдиришти.

Ушуга байланыштуу маркумдун атасы жана жакындары Талас дарыясынын жээгинде жайгашкан айылдардын тургундарын, кайдыгер карабаган жарандарды издөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырышууда.

Жарандардын чогулуусу:

  • Күнү: 25-июнь 2026-жыл
  • Убактысы: саат 07:00дөн баштап
  • Жери: Чоң-Токой айылы, Талас облусу

Байланыш телефондору:

  • Алтынбек: 0999 096 038
  • Медер: 0706 888 868
25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 279
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X