Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө боюнча ыкчам штабдын жыйыны өттү

27-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 415

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевичтин төрагалыгы алдында сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө иштерине байланыштуу ыкчам штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга Талас облустук ички иштер башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө издөө-куткаруу иштеринин учурдагы абалы талкууланып, бардык тиешелүү кызматтардын аракеттерин мындан ары да күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле издөө иштерине тартылган куткаруучулардын жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду. Учурда суунун деңгээли көтөрүлүп, агымы өтө катуу болуп жаткандыктан, өз алдынча сууга түшүп издөө жүргүзүү адамдардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратаары белгиленди.Нет описания фото.

Ушуга байланыштуу жарандарга куткаруу иштерине өз алдынча кийлигишпөөгө, кооптуу аймактарга барбоого жана сууга түшпөөгө чакырык жасалды. Издөө иштерин атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери жүргүзүп жаткандыктан, коопсуздук талаптарын так сактоо өтө маанилүү экени белгиленди.

Учурда издөө-куткаруу иштери бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп, үзгүлтүксүз улантылууда.Возможно, это изображение учеба и стол

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X