Таласта Улан Ниязбеков кураторлук кылган өндүрүш ишканалары пайдаланууга берилди

12-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 341

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананы жана өлкө боюнча бир эле учурда 60 өнөр жай объектисин ишке киргизди. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүштү өнүктүрүүгө, ишкерлерге шарт түзүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл буруу уланып жатканына токтолду.

Онлайн форматта Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков кураторлук кылган Талас облусундагы 4 өнөр жай ишканасыны дагы ачылды. Возможно, это изображение один или несколько человек
Алар:
-Айтматов районундагы «Гранит Транс Сервис» ЖЧКнын асфальт-бетон заводу;
-Бакай-Ата районундагы «Кең-Арал кирпич» ЖЧКнын кирпич заводу;
-Талас районундагы «Нур КапСтрой» ЖЧКнын асфальт-бетон заводу;
-Талас районундагы «Күркүрөө» ЖЧКнын курулуш материалдарын өндүрүү ишканасы.

Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык Ички иштер министри Улан Ниязбеков 2026-жылы ишке киргизиле турган Талас облусундагы 4 өнөр жай ишканасына куратор болуп бекитилген.

12-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак / #талас 341
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X