Таласта Улуу Жеңиштин урматына аталарды эскерүү салтанаты болду
Таласта Улуу Жеңиштин урматына аталарды эскерүү салтанаты болду. 1941-45-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка Таластан 18миңден ашуун азамат аттанып, 6миңдей жоокер кайтып келген. Учурда облус боюнча көзү тирүү 4 ардагерди облустук ишкана, мекемелер, айыл, район, облус жетекчилери үйлөрүнө барып куттуктап жатышат. Альянс Алтын ишканасы ардагерлерге 400 миң сомго жакын акча каражат тапшырды.