Таласта «Урааным Манас» фестивалы өтүп жатат

29-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 27

Бугун 29-августта Талас шаарында «Манас Ордо» улуттук комплексинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган «Урааным Манас» фестивалы өтүп жатат.

Анын алкагында Манас Ордого 80 боз үй тигилген. Облус боюнча кол өнөрчүлөр, уздар, сүрөтчүлөр келген коноктор өз чыгармаларын элге сунуштап, кызыккандарга мастер -класстар дагы өткөрүүлүүдө.

Иш -чара сахна өнөрчүлөрүнүн концерти менен коштолууда. «Урааным Манас» фестивалынын негизги бөлүгү кечинде башталат. Анын алкагында манасчылар улуу баян айтышып, театралдык чакан оюн көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин фестиваль Кара-Буурадагы Манас чокунун этегиндеги Кочкор-Ата жайлоосунда башталган.

Фестивалга Талас облусунда иш-сапары менен жургөн президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Салика САРИЕВА

29-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X