Таласта жана «Манас Ордодо» туристтер үчүн жаңы Rest Point борборлору ачылды
Бүгүн, 10-сентябрда, Талас шаарында жана «Манас Ордо» улуттук комплексинин аймагында туристтер үчүн жаңы Rest Point борборлору ачылды. Эми аймакка келген саякатчылар жолдон эс алып, керектүү маалыматтарды алып, сапарын ыңгайлуу уланта алышат.
Жаңы борборлордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышты.
Rest Point — жол боюндагы жөн гана эс алуу жайы эмес. Бул жерде саякатчылар үчүн керектүү шарттар бир жерге топтолгон. Борбордо заманбап маалымат борбору, душ, санитардык түйүндөр жана кофейня иштейт.
Туристтер маалымат борборунан Талас аймагындагы туристтик жайлар, кызыктуу маршруттар жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ала алышат. Ал эми эс алуу зоналары узак жолдон кийин тыныгып, сапарды улантууга шарт түзөт.
Талас шаары жана «Манас Ордо» улуттук комплекси — Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныткан маанилүү туристтик багыттардын бири. Ошондуктан мындай борборлордун ачылышы аймакка келген туристтер үчүн сервистин сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жол боюндагы тейлөөнү жакшыртуу жана заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер өлкөнүн башка аймактарында да улантылат.