Таласта жаңы Сот адилеттик үйүнө мезгил кутусу салынды
Талас шаарында жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна расмий старт берилип, анын пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана сот системасынын кызматкерлери катышты.
Жаңы имаратта жергиликтүү соттор, Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы, сот приставдары жана башка тиешелүү кызматтар бир имаратка жайгашып, жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулайт.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев белгилегендей, бул долбоор өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформаларынын жана сот инфраструктурасын жаңылоонун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Курулуш аяктагандан кийин жаңы Сот адилеттик үйү сот адилеттигин ишке ашырууга заманбап шарт түзүп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге чыгарат