Таласта жаңы заманбап эс алуу жайы ачылат
Талас шаарындагы К. Нуржанов атындагы аллея жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жайына айланууда. Долбоор президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана тапшырмасы менен ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев билдирди.
Жаңыланган аллеяда эс алуу жайлары, бутиктер, китепкана, воркаут аянтчалары, Wi-Fi зонасы, фонтан жана башка заманбап инфраструктуралар түзүлөт. Ошондой эле ага жанаша жайгашкан үйлөрдүн жана соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшү жаңыланып, бирдиктүү архитектуралык стилге келтирилүүдө.
Реконструкция иштери 2025-жылы башталган. Долбоор толук ишке ашса, Таластын борбордук бөлүгүнүн көркү жаңырып, туризм үчүн дагы бир жаңы жай пайда болот.
Жаңыланган аллеяны быйыл 11–12-сентябрда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында президенттин катышуусунда расмий ачуу пландалууда.