Таласта ЖРТдан жогорку упай алган 63 бүтүрүүчүгө 50 миң сомдон сыйлык берилет
Талас облусунда Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 200 жана андан жогору упай алган 63 бүтүрүүчүгө 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу облус боюнча президенттин атайын өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.
Анын айтымында, сыйлык жаштардын талыкпас эмгегин баалоо жана билимдүү муунду колдоо максатында ыйгарылууда.
«Өлкөбүздүн келечеги билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаштардын колунда. Ошондуктан билим берүү тармагын өнүктүрүү жана таланттуу окуучуларды колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. ЖРТдан 200 жана андан жогору упай алган ар бир бүтүрүүчүгө 50 миң сомдон акчалай сыйлык берүү тууралуу чечим кабыл алдык. Бул – билимге жасалган инвестиция жана жаштардын эмгегине берилген жогорку баа», – деди Эрмат Джумаев.
Ал бүгүнкү күндө дүйнөдө негизги байлык жаратылыш ресурстары эмес, адам капиталы, билим жана инновация экенин белгилеп, билимге салынган инвестиция мамлекеттин келечегине кошулган эң маанилүү салым экенин айтты.
Президенттин Талас облусундагы атайын өкүлү бүтүрүүчүлөрдү мындан ары да билим алууга, изденүүгө жана бийик максаттарды көздөөгө чакырып, алардын келечектеги ийгиликтерине ишеним билдирди.
Ошондой эле ал демилгени колдогон «Альянс-Алтын» компаниясына ыраазычылык билдирип, билимдүү жаштарды колдоо боюнча мындай иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.