Таластагы чоң жаңылык: 5 кабаттуу университеттин жаңы кампусу ачылат!

26-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 168

Талас шаарында көптөн күткөн ири долбоорлордун бири ишке ашууда. Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы жана колдоосу менен шаар тарыхында алгачкы жолу 5 кабаттуу заманбап университеттин жаңы кампусу курулуп жатат.

Бул тууралуу Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, жаңы кампустун расмий ачылышы 11–12-сентябрда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында, мамлекет башчыбыздын катышуусунда өтөт.

Жаңы кампус — Таластагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X