Таластагы жаңылануу — өнүгүүнүн үзүрү

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 181

Мурда аймактарды өнүктүрүү керек деп көп эле сөз кылчубуз. Бирок, чынында, 30 жылдан ашуун убакыт аралыгында иштин көзүн таппай, ар бир облуска ар кандай деңгээлде көңүл бурулуп келген. Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин аймактарды өнүктүрүүнүн өзгөчө формуласы табылды. Тактап айтсак, Өлкө башчысынын демилгеси менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн аймактарда белгилөө салтка айланды. Ар бир облус кезеги менен майрамдын негизги борборуна айланган сайын, ошол аймактагы инфраструктурага, социалдык объекттерге, маданий жайларга жана өндүрүшкө көңүл бурулуп, элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Бул ирет мындай чоң иш-чара Президенттин демилгеси менен Талас жергесинде өттү.

Албетте, майрамды адаттагыдай эле мыкты деңгээлде майрамдоо үчүн облусту каржылоо иштери жүрүп, жолдор, облустун ички көчөлөрү, коомдук жайлар, маданий жана социалдык объекттер жаңыланып, мурдагыдан башкача өнүгүү жолунда. Талас шаарында белгиленген Эгемендүүлүктүн 35 жылдык салтанатынын алкагында Президент Садыр Жапаров Талас облусуна атайын сапар менен барды. 11-12-сентябрь күндөрү Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышты. Алардын катарында Талас шаарындагы «Акылман» президенттик лицейи, «Баластан» балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борбору, жаңыланган «Манас Ордо» улуттук комплекси, борбордук мечит жана башка объекттер бар. Булардын ар бири өз багыты боюнча жергиликтүү калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө тургандыгын көрүүгө болот. Мисалы, жаңы «Акылман» президенттик лицейи миңге жакын окуучуга ылайыкталып, анын аймагында 168 орундуу жатакана да каралган. Бул сандар курулуштун көлөмүн гана көрсөтпөйт. Алар аймакта билим алууга, балдардын эс алуусуна, маданий иш-чараларга жана иш менен камсыз болууга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын билдирет. Ал эми мектептин курулушу тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. Анын жасалгаланышы өлкөдөгү эң мыкты университеттердин имараттарынан да аша турганын белгилеп коюш керек.

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КАМКОРДУК

Таластагы өзгөрүүлөрдүн көрүнүктүү жаңылыгы балдар үчүн курулган «Баластан» балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борбору. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилген бул борбор жергиликтүү балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү бышык. Борбордун аймагы 6,5 гектарды ээлеп, анын курамына тогуз корпус кирет. Бул жерде балдардын ар тараптан өнүгүүсүнө, эс алуусуна жана көңүл ачуусуна шарт түзүлгөн. Комплекстин өзгөчөлүгү жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк бергени. Толук кубаттуулукта иштеген учурда 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылуу күтүлүүдө. Долбоорго ылайык, борбордо заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, боулинг, коомдук тамактануучу жайлар, лабиринттер, ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору курулган. Мындан тышкары, борбордо кыргыз тилинде кызмат көрсөтүп, келген конокторго жол көрсөтө турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда. «Баластан» сырткы көрүнүшү балдардын көңүлүн бургандай жасалгаланып, аймагы жашылдандырылып, эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Бул жерге келген бала жөн гана ойноп кетпестен, жаңы нерселерди үйрөнүп, теңтуштары менен баарлашып, чыгармачылыкка аралаша алат. Балдардын атаэнелери үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Бала коопсуз жана заманбап жайда убактысын пайдалуу өткөрсө, ата-эне анын өнүгүүсүнө ишенимдүү шарт түзүлгөнүнө ынанат. Баса белгилей кетүүчү жагдай, мындай «Баластан» комплексинин ачылышы. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата жасалган иштердин ичинен келечек муунга түз багытталган долбоорлордун эң алгачкысы болду.

ТАЛАСТАН ЕВРОПАГА ЧЕЙИН

Талас дыйканчылык менен тыгыз байланышкан аймак. Айрыкча төө буурчак көп жылдан бери жергиликтүү дыйкандардын негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири болуп келет. Бирок түшүмдү өндүрүү бир маселе болсо, аны кайра иштетип, даяр продукция катары сатуу башка маселе. Буга чейин Таласта өстүрүлгөн төө буурчактын олуттуу бөлүгү сырьё катары сыртка чыгарылып келген. Эми бул багытта жаңы мүмкүнчүлүк пайда болду. Бакай-Ата районунда төө буурчакты сатып алуу, кайра иштетүү жана экспорттоого багытталган жаңы ишкана ишке кирди. Анын ачылышына Президент Садыр Жапаров катышты. Заводго 200 млн сом инвестиция жумшалган. Ишкананын жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчак кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар жана 100 жаңы жумуш орду түзүлдү. Заводдо продукция заманбап жабдуулар аркылуу иштетилип, сапаты атайын лабораторияда көзөмөлдөнөт. Ишкананын курулушуна жалпысынан 200 миллион сом жумшалган. Анда продукцияны кабыл алуу, кургатуу, калибрлөө жана сорттоо процесстери толук автоматташтырылган заманбап жабдуулар менен жүрөт. Даяр продукция Европа, Азия өлкөлөрүнө экспорттолору күтүлүүдө.

ЖАҢЫРГАН ТАРЫХ

Таласта жаңыланган объекттердин арасында улуттук маанидеги «Манас Ордо» комплекси да бар. Бул жер кыргыз элинин тарыхы, руханий дүйнөсү жана «Манас» эпосу менен байланышкан ыйык жайлардын бири. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата комплексте масштабдуу реконструкция жүргүзүлүп, жаңы объекттер курулду. Алардын ичинен жаңы курулган Кеңеш Ордону өзүнчө белгилеп кароого болот. Андан сырткары, «Манас» эпосу музейи реставрациядан өтүп, толук жаңыланган. Ордодо жаңы стадион да курулган. Мындай жайлардын жаңыланышы туристтер үчүн да маанилүү. Анткени өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана улуттук мурасын көрүү үчүн келген меймандардын каттамында «Манас Ордо» сыяктуу жайлардын орду өзгөчө. Демек, Таластагы өзгөрүү өндүрүш менен гана чектелбейт. Бул жерде тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен бирге, аларды кийинки муунга жана четтен келген меймандарга таанытуу үчүн да шарттар түзүлүүдө.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

Талас дегенде алгач Манас баатыр, андан кийин эле ааламга аты белгилүү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов эске келет эмеспи. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата улуу жазуучубуздун урматына эки объект ачылды. Анын бири Талас шаарында жайгашкан аянт. Айтматовдун чыгармалары чагылдырылган инсталляциялар менен коштолуп, өзгөчө чеберчилик менен жасалган аянт. Ал эми экинчиси Шекер айылындагы «Айтматов ааламы» жаңы маданиймемориалдык комплекси. Бул комплекстин да ачылышы 12-сентябрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болуп өттү. Маданий жайда жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана дүйнөлүк адабияттагы орду даңазаланган. Комплекстин борбордук бөлүгүн музей түзөт. Анда Айтматовдун өмүрүнө, чыгармачылыгына, чыгармаларына жана коомдук ишмердигине байланышкан экспозициялар жайгаштырылган. Мындан тышкары, маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан амфитеатр, эс алуу жана туристтерди тейлөө үчүн инфраструктура каралган. Айтматовдун чыгармаларын китептен окуган окурман эми анын туулуп-өскөн жерине келип, жазуучунун дүйнөсүн башкача сезе алат. Жазуучунун балалыгы өткөн аймак, анын чыгармаларына дем берген жаратылыш жана элдин жашоо-турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда бул комплекс Шекердин туристтик мүмкүнчүлүгүн да жогорулатат. Дегеле, жогоруда саналып өткөн жакшы жаңылыктар облуста быйыл жасалган иштин аз гана бөлүгү. Мындан тышкары, аймакта 60ка жакын өндүрүштүк ишкана ачылды. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай облустун Өтмөк ашуусунан баштап, аймактын негизги жолдорунун негизги бөлүктөрүнүн жарыктандырылганы болуптур десек жаңылышпайбыз. Негизи эле Талас облусу жаркырап эле калгандай. Айрыкча мурдагы Талас шаарынын караңгы көчөлөрү кечкисин түркүн түскө боёлгон кооз шаарга айланыптыр. Ал эми эмки кезек, Нарын облусуна берилет. Президент Садыр Жапаров Талас шаарында өткөн Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгына арналган концертте кезектеги майрам Нарын облусунда белгилене турганын билдирди.

Жазгүл Кенжетаева

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 181
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X