Таластын “Беш-Таш” суусу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды
2026-жылдын 18-июнунда Талас облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган “Биримдик кербени” аймактык долбоорунун алкагында “Беш-Таш” суусун урматтоо жана узатуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Салтанатта сүйлөгөн Эрмат Жумаев суу ресурстарынын эл турмушундагы ордуна токтолуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган суулардын бириктирилиши кыргыз элинин биримдигин, руханий баалуулуктарын жана жалпы тарыхый тамырын символдоштурарын белгиледи.

Долбоордун алкагында Талас облусунун атынан бир “баатыр” жана беш элчи тандалып алынган. Облус баатыры катары бокс боюнча дүйнө чемпионатынан коло медаль тагынган Тыныстан Алыбаев көрсөтүлгөн.
Ошондой эле демилгенин уюштурулушуна АБанк суунун сактоочусу катары тартылып, маршруттук иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын ыйык булактарынан алынган суулар атайын идиштерде сакталары маалымдалды. Транспорттук колдоону Chevrolet Kyrgyzstan камсыз кылууда. Ал эми UNICEF уюмунун колдоосу менен балдар кербени уюштурулуп, катышуучулар улуттук оюндар жана көчмөн маданияты менен таанышышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Тыныстан Алыбаев “Беш-Таш” көлүнүн башатынан алынган сууну көөкөргө куюп, элчилер менен бирге Бишкек шаарына жөнөп кетти.
Делегация 31-августта Бишкек-Аренада өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышып, Таластан алып келинген ыйык сууну расмий тапшырат.
Долбоордун негизги максаты өлкөнүн жети дубанынан чогултулган сууларды бириктирип, кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин жана улуттук баалуулуктарын дүйнөлүк деңгээлде даңазалоо болуп саналат.
