Таластын көчөлөрү жаңырып, шаар инфраструктурасы жаңы деңгээлге көтөрүлдү
Талас шаарында инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер уланууда. Калаада төрт көчө заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, пайдаланууга берилди.
Жаңы жолдордун ачылыш аземине КР Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Илимбек Джумагулов, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, шаардык кеңештин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Аткарылган иштердин алкагында Шекербек Шеркулов көчөсү 1300 метр аралыкта толук реконструкцияланып, Өзүбек Шамбетов көчөсүнүн 622 метр бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле Ж. Мырзалиев көчөсүнүн 1276 метри жаңыланып, Ислам Сарыгулов көчөсүнүн Бердике Баатыр көчөсүнөн Асанбек Оторбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен оңдолду.
Жаңыланган көчөлөр шаар тургундарынын жүрүп-туруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын көркүнө көрк кошуп, аймактын инфраструктуралык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.