Таластын өнүгүүсүнө жаңы дем. Заманбап завод ишке кирүүдө

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 209

Талас облусунун Айтматов районунда жаңы өндүрүштүк долбоор «Гранит Транс-Сервис» асфальт-бетон жана курулуш материалдарын чыгаруучу заманбап завод ишке берилүү алдында турат. Долбоор өлкөнүн өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган ири инвестициялардын бири болуп саналат.

Ишкананын курулушу мамлекет тарабынан ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдоонун алкагында ишке ашкан. Долбоор үчүн 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилип, кыска убакыттын ичинде заманбап өндүрүш комплекси курулган. Ишкердин айтымында, акыркы жылдары сунушталып жаткан жеңилдетилген насыялар жана бизнести колдоо программалары жаңы өндүрүштөрдү ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Завод дүйнөлүк стандарттарга жооп берген акыркы үлгүдөгү технологиялык жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде өндүрүлгөн асфальт-бетон аралашмасы жол курууда жогорку сапат талаптарына жооп берип, жолдордун узак мөөнөт кызмат кылуусуна шарт түзөт.

Мындан тышкары ишканада бетон, майдаланган таш жана башка курулуш материалдары өндүрүлөт. Натыйжада аймактагы курулуш тармагы сапаттуу жана ата мекендик продукция менен камсыздалат.

Өндүрүш толук кубаттуулукка чыккан учурда саатына 150 тонна, ал эми күнүнө 1200 тоннага чейин асфальт-бетон чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Бетон өндүрүшүнүн көлөмү болсо күнүнө 600 куб метрге чейин жетет.

Жаңы завод биринчи кезекте Талас облусунун ички керектөөсүн камсыздап, жол куруу жана инфраструктуралык долбоорлордун сапатын жогорулатууга кызмат кылат. Келечекте өндүрүлгөн продукцияны өлкөнүн башка аймактарына жана коңшу мамлекеттерге экспорттоо да пландалууда.

Долбоордун дагы бир маанилүү артыкчылыгы жаңы жумуш орундарын түзүүсү. Завод ишке киргенден кийин 100гө жакын жаран туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Жалпы сметалык баасы 3 миллион долларды түзгөн ишкана жыл бою үзгүлтүксүз иш алып барат. Кыш мезгилинде курулуш материалдарын өндүрүүгө басым жасалса, жай айларында жол куруу иштерине керектүү асфальт-бетон чыгарылат.

Сапат, заманбап технология жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулук «Гранит Транс-Сервис» заводунун негизги артыкчылыктары. Адистердин баамында, жаңы ишкананын ишке кириши Талас облусунун өнөр жай потенциалын арттырып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 209
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X