Таластын талаасындагы кара бермет. Бир түптөн 15 килограмм түшүм
Талас облусунун Манас районунун тургуну Чубак Жолдошбеков 3,6 гектар жерге кара кожогаттын (ежевика) Лохнес сортун өстүрүп, быйыл алгачкы түшүмүн алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, Айыл чарба министрлиги билдирди.
Дыйкан аталган сортту былтыр отургузган. Анын айтымында, Лохнес сортундагы кара кожогаттын бир түбүнөн 15 килограммга чейин түшүм алууга мүмкүн. Чубак Жолдошбеков келечекте ар гектарынан 10 тоннага чейин мөмө жыйноону пландап жатат.
Учурда дыйкан жыйналган түшүмүн коңшу Айтматов районуна жеткирип, дүңүнөн килограммын 200-250 сомдон сатууда.
Анын айтымында, кара кожогат Талас облусунун климаттык шарттарына жакшы ыңгайлашып, мол түшүм берет. Витаминдерге бай мөмөгө керектөөчүлөрдүн кызыгуусу да жогору болууда.

