Таластын туризм тармагында жаңы этап башталды
Талас облусунун тарыхында алгачкы жолу ири туристтик инфраструктуралык долбоор ишке ашырылып, Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап аркан жол курулат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын негизинде жүзөгө ашырылууда.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу максатында Zumsun компаниясы менен расмий келишим түзүлүп, парк аймагында канат жол куруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталат. Долбоор толук аяктагандан кийин эс алуу борборунда төмөнкү объектилер пайдаланууга берилет:
— узундугу 1 380 метрди түзгөн заманбап аркан жол;
— айнектен жасалган байкоо аянтчалары;
— кафе жана ресторандар;
— A-frame үлгүсүндөгү эс алуу үйлөрү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Талас шаарынан Беш-Таш эс алуу борборуна чейинки 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, долбоор үчүн зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура курулары белгиленди.
Долбоордун кийинки этаптарында туристтер үчүн зиплайн жана родельбан сыяктуу заманбап көңүл ачуучу жайларды куруу дагы пландалууда.
Адистердин баамында, бул инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин Беш-Таш өрөөнү ички жана чет өлкөлүк туристтерди өзүнө тарткан Кыргызстандын алдыңкы туристтик борборлорунун бирине айланышы күтүлүүдө.