Талгат Аширбеков Мисирдеги Кыргызстандын элчиси болду

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Аширбеков Талгат Аширбекович Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 15-декабрындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Каир шаарындагы Элчилиги түзүлгөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X