Талибандар бийликти басып алгандан кийин, Байдендин рейтинги эң төмөнкү чекке түштү

18-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 54

«Талибан» радикалдуу кыймылы Ооганстандын бийлигин басып алгандан кийин, АКШнын президенти Джо Байдендин рейтинги эң төмөнкү чекке түштү. Бул маалымат Reuters агенттиги жана Ipsos социалдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы менен жарыяланды.

Тагыраагы, 13-августка чейинки жыйынтыктарга салыштырмалуу Байдендин рейтинги 7 пайызга төмөндөгөнү белгилүү болду.

АКШнын салык төлөөчүлөрүнөн түшкөн миллиард долларлардын Ооганстанга сарпталышы жана америкалык аскерлердин аталган өлкөдөгү 20 жылдык миссиясынан кийин, «Талибан» кыймылынын өлкөнү басып алуусу Байдендин популярдуулугунун төмөндөшүнө эбегейсиз чоң таасирин тийгизди, дешет серепчилер.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X