«Талибандын» убактылуу өкмөтүн Мохаммад Хасан Ахунд башкарат

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 23

Бул тууралуу «Al Jazeera» басылмасы билдирди. Мохаммад Хасан Ахунд «Талибан» Афганистанды башкарып турган 1996-жылдан 2001-жылга чейин тышкы иштер министри, андан соң премьер-министрдин орун басары кызматтарын аркалаган. Мохаммад Хасан Ахунд талибдердин мекени делген Кандагар шаарында туулган. Болжол менен 60 жашта.

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X