Талибдер Кандагарды алышты

13-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 32

«Талибан» радикалдуу кыймылы Афганистандагы ири шаарларынын бири Кандагарды кечээ, бейшемби түнү басып алышты. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги жергиликтүү бийликтин билдирүүсүнө таянып жазды. Маалыматка ылайык, бийлик өкүлдөрү аэропорт аркылуу шаардан качып чыгышкан. Бул маалыматты талибдер дагы тастыкташты. Twitter социалдык тармагындагы «Талибан» кыймылынын өкүлүнүн баракчасына чыккан алгачкы маалымат боюнча, талибандар губернатордун кеңсесин, коопсуздук жана күч органдарынын штабын жана башка маанилүү мекемелердин бардыгын басып алышкан. Алар шаарда калган курал, ок-дарылар жана транспорт каражаттарынын бардыгын ээлешти.

Эске салсак, акыркы айларда Афганистанда бийлик менен талибандардын ортосундагы тирешүү күч алган. Бул америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгарылышынан улам орун алган. Согушкерлер өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймагын ээлеп, ири шаарларга да кол сала башташкан. Маалыматка ылайык, өткөн жумадан бери алар 34 провинциянын ичинен онун басып алышты. Анын ичинде Зарандж, Пули-Хумри, Газни шаарларын жана Тажикстан менен чектешкен Кундуз аймагын да ээлешкен. Бийлик айрым шаарлардагы көзөмөлдү колго алдык деп билдиришкени менен, тирешүүлөр токтогон жок.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X