Талибдер ЖОЖдордо шариатка каршы келген предметтерди алып салууну көздөйт
Ооганстандын учурдагы бийлиги — «Талибан»* кыймылынын өкүлдөрү, ооган университеттериндеги окуу программаларынан шариат мыйзамдарына каршы келген сабактарды алып салууну көздөйт. Бул тууралуу Буга чейин Khaama Press агенттиги, жогорку окуу жайлардын студенттерин окуу программасында өзгөрүүлөр күтөт деп билдирип, айрым предметтер замандын талабына жараша өзгөрүүлөргө дуушар болорун жазган.
«Ислам мыйзамдарына каршы келген ар бир предмет программадан чыгарылат», — деп Ооганстандын жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу Абдула Баки Хакканинин билдирүүсүнө таянып Бүгүнкү күндө кандай сабактардын алынып салары азырынча белгисиз.
Мындан тышкары, өлкөнүн жогорку билим берүү министрлиги студенттердин чет мамлекеттерге барып окуусу үчүн шарт түзгөн атайы программаларды иштеп чыгууну көздөп жатканын билдирген.