Тамак-ашка уулангандардын саны 85 адамга жетти
Бүгүн, 25-октябрга карата алынган маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-ашка ууланып дарыгерлерге кайрылган жарандардын саны 85 адамга жетти. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда бир бейтап стационардык дарыланууда. Анын абалы туруктуу. Калган жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жабыркагандар шаардын бир нече пункттарында жайгашкан «Империя пиццы» кафелеринде тамактанышканы аныкталган.
Санэпидкөзөмөл борборунун адистери тарабынан эпидемиологиялык иликтөө иштери уланууда.