Тамчы – Баткен түз авиакаттамы ишке кирди
16-июлда мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча өлкө тарыхындагы алгачкы түз авиакаттамды ийгиликтүү ишке ашырды. Бул окуя Кыргызстандын жарандык авиациясынын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп, өлкөнүн аймактарынын ортосундагы аба байланышын кеңейтүүгө багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Буга чейин Баткен менен Ысык-Көлдүн ортосунда түз аба каттамы болгон эмес. Жаңы каттамдын ишке кириши менен Баткен облусунун тургундары алгачкы жолу борбор калаа аркылуу транзитсиз, узак сааттык жол жүрбөстөн түз эле Ысык-Көлдүн жээгине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошол эле учурда Ысык-Көл облусунун жашоочулары өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бири болгон Баткенге тез жана ыңгайлуу уча алышат.
Жаңы багыт өлкөнүн транспорттук байланыштарын чыңдоодо, аймактар аралык мобилдүүлүктү жогорулатууда жана ички туризмди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Мындан тышкары, бул демилге Кыргызстандын бардык аймактарынын тургундары үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана ички каттамдардын географиясын кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын дагы бир ийгиликтүү жыйынтыгы болуп саналат.
Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча авиакаттамдар жайкы туристтик сезон учурунда жума сайын бейшемби күндөрү аткарылат. Бир тарапка авиабилеттердин баасы 6 500 сомдон башталат.
Жаңы каттамдын ачылышы Баткен менен Ысык-Көлдүн ортосундагы экономикалык, туристтик жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, өлкөнүн аймактарын аба транспорту аркылуу жакындатууга кызмат кылат.