Таңга маал Ысык-Көл облусуна жакын аймакта жер титирөө болду
Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңга жуук саат 04:00дөр чамасында Кытайдын аймагында жер силкинүү болуп, анын күчү очогунда 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 143 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Ал эми Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.
Эске салсак, буга чейин 14-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда дагы жер титирөө катталган. Анда силкинүүнүн күчү 3,5 баллга жетип, очогу Торкент айылынан 19 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан болчу.