"Эркин-Тоо"

Тарбиянын бир тамчысы

Бизде айрыкча кыргыз элинде тойлор көп. Тойдун болгону жакшы, Кудайым тойдон, жакшылыктардан айтсын. Күн санап баалар өсүп, жашоо кыйындаган сайын элдин той өткөрүү машакаты токтобой келет. Ашыкча чыгымды чапчыган тойлор чоң атаандаштык менен өтүп жатканын көрүп, билип келебиз. Жылдап чогулткан кайран киреше тойго жумшалып, соңунда башты мыкчып отуруштун кажети барбы? Ресторандарды четинен чертип тандайбыз, анын баасы маанилүү эмес, намыс үчүн өткөрөбүз деп төштү кагыштын зарылчылыгы бар беле?

“Кыргызда үйлөнүү той өткөргөндөн кийин эки жаш жубай ошол чыгымды жабуу үчүн талаалап башка мамлекеттерге иштегени кетишет. Ал эми башка элде үйлөнүү тойдон кийин бал айы деп, эс алууга сапар тартышат” дегенди интернет баракчасынан окуп алып, үй-бүлөлүк чырдын башаты деп кейидим. Бирок чындыгында ошондой болуп атат. Анан калса тамадалар каргадай тизилишет. Алардын өздөрүнүн ставкалары бар, 500-800 доллардан кем эмес экен. Акелеп-жакелеп соодалашсаң, кадыр-көңүлгө жараша баасын төмөндөтүшү мүмкүн. Эми ошол тамадалар тойду башынан аягына чейин татыктуу алып барып жатышабы, кеп мына ушунда болуп жатат. Кыргыз эли тоюна кадырлуу, мартабалуу куда-сөөктөрдү, салабаттуу аксакал аталарды, ак элечек апаларыбыздан уул-келин деги койчу көңүлү сүйүп катышкан ар муундагы адамдарды чакырышат. Тойго келгендерди томсортпой, ар кандай оюндарды уюштуруп, тамадалар тойду көркүнө чыгарабыз менен убара. Оюн-зоок, бийлерди уюштурушат. Жуп-жубу менен бийлеген конкурсун көрсөңүз иренжийсиз. Айрыкча жаштардын бийлегендерин, кыймыл-аракеттерин көрүп, башың жерге кирет. Антейин десең, улуу муундагылар андан кем эмес.

Тойдун алып баруучусу дейбизби, тамадасы дейбизби, аларды жөнгө салса болбойбу же алган тыйынымды актайын деп билгенин жасай беришеби? Ата-бабаларыбыздан калган каада-салт, үрп-адат, макал-лакап айтуу мына ушул сыяктуу мураска калтырылган көөнөрбөс улуттук баалуулуктарыбызды сыймыктануу менен улуттук иделогиянын өзөгү катары тамадаларыбыз да жайылтса эмне үчүн болбойт. “Сөздү да сезим сыңары аздектеп урунбасаң, дегеле аны күнү-түнү тынымсыз, эсепсиз агып жаткан суудай көрүп, иргеп тандабай, калчап толгонбой, сөздү сүйлөйт деген ушул экен деп, туш келди айта берсең кадырың, беделиң түшөт”- деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айтканы бар. Сөз баккан, сөз кудуретин аздектеп баалаган эл экенибиз анык. Той көркүн ачып,бата бергендер деле азайып бараткандай. Микрофонду колго алат дагы кадимки тост өңдөнгөн сөздөрдөн айтышат. Оозунда нускалуу кеби, ыйбаалуу ыйманы, кичүүлөргө насааты бар, батаны барктап алакан жайып айта билген аталар, апалар көп болсо экен. Аларды көргөн жаштар жогоруда айтылган жагымсыз жагдайлардан арылар беле. Азыркы убакта биздин коом тарбия жактан аксап турган мезгилде, улуттук идеологияны жайылтууда аны ар бирибиздин аң-сезимибизге сиңирүүдө, омоктуу ойлор, нарк-насилдүү сөздөр да маанилүү.

Айзада Дүйшөнбаева

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!