Тармактык комитет геопарктарга байланыштуу мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды

22-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына жана геопарктарга байланыштуу мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.

Жыйында депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору өлкөдө геопарктардын улуттук тармагын түзүүгө, уникалдуу геологиялык объектилерди сактоого жана туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.

Анын айтымында, геопарктар маданий жана социалдык жактан чоң мааниге ээ болуп, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу менен катар улуттук мурастарды сактоого кызмат кылат. Жыйындын жүрүшүндө депутат мыйзам долбоорунун негизги максаттарын атайын презентация аркылуу тааныштырды.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Талкуу маалында депутат Махабат Мавлянова демилгенин маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы тоолуу аймактардын потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын айтты. Ал геопарктарды өнүктүрүү жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Ошол эле учурда экологиялык жана санитардык талаптарды так сактоо зарылдыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде депутат Алишер Козуев өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүү үчүн маалыматтык саясатты күчөтүү боюнча сунуштарын айтып, жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча суроо берди. Министрлер кабинетинин өкүлү бул багытта мыйзамдык тоскоолдуктар жок экенин жана бардык маселелер мыйзам чегинде чечилерин билдирди.

Мындан тышкары, комитет жыйынында депутаттар Камила Талиева, Марлен Маматалиев жана Болот Борбиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» мыйзам долбоору да каралып, биринчи окууда жактырылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X