Тарыхый байланыштан стратегиялуу өнөктөштүккө карай

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 96

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Эки өлкөнүн президенттеринин кезектеги жолугушуусунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, чек ара транспорттук долбоорлор, туризм жана аймактык кызматташтык маселелери боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстан менен Өзбекстан тарыхы, маданияты жана географиялык жакындыгы менен тыгыз байланышкан Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер. Кылымдар бою эки элдин ортосунда соода-сатык, маданий алака жана өз ара таасир жашап келген. Эгемендүүлүк алгандан кийин мамилелердеги айрым кыйынчылыктарга карабастан,  эки мамлекет кызматташуунун жаңы этабына өтүп, саясий, экономикалык жана маданий байланыштарын бекемдөөгө аракет кылып келет.

Алсак, акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү туруктуу өсүп жатат. 2024-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 846,4 миллион АКШ долларын түздү. Анын ичинен Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 513,3 миллион доллар, ал эми Өзбекстандан импорту 333,1 миллион доллар болду.

2025-жылы эки өлкөнүн соода көлөмү 1 миллиард доллардан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 19 пайызга өскөн.  Соңку беш жыл ичинде товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кыргызстан менен Өзбекстан 2030-жылга чейин өз ара соода көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатышат. Бул кылымдардан бери кошуна жашап, мазары, базары да бир болуп келген эки элдин ортосундагы алака үчүн чек эмес. Эгер максаттар ишке ашып кетсе алакалар дагы да бекемделе бермекчи.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстан Өзбекстанга негизинен көмүр, картошка, кант, тирүү бодо мал, жеңил автомобилдер жана айыл чарба продукцияларын экспорттойт. Ал эми Өзбекстандан текстиль жана кийим-кече, жер семирткичтер, жашылча-жемиш, курулуш материалдары жана башка өндүрүш товарлары импорттолот.

Туризм дагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанилүү багыттарынын бири.  Учурда Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Алсак, 2024-жылы Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин эң чоң бөлүгүн Өзбекстандын жарандары түзгөн. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанга болжол менен 5,3 миллион өзбекстандык келген.  Азыр да Кыргызстандын түштүк аймактарына жана Ысык-Көлгө кошуна өлкөдөн келген туристтердин саны арбын.  Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жаратылыш парктарына, күмбөздөргө зыярат кылган өзбекстандыктар абдан көп. Ошол эле учурда 2024-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Өзбекстанга 1,45 миллион турист барган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин бул жолку сапарында эки мамлекет транспорттук байланыштарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулаары айтылууда. Өзгөчө мааниге ээ болгон долбоорлордун бири Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Бул долбоор ишке ашса, жүк ташуу убактысы кыскарып, транспорттук чыгымдар азаят жана Борбор Азия аркылуу өткөн эл аралык соода жанданат. Мындан тышкары азыр Кыргызстанда бир топ биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, ушул күндөрдө Чүйдө 5,5 млн долларлык кыргыз-өзбек айнек заводу да курулууда.

Алакалардын жакшырышына албетте акыркы жылдары чек ара маселелери боюнча жетишилген макулдашуулар да салым кошту десек болот. Чек арадагы туруктуулук сооданын өсүшүнө, туризмдин өнүгүшүнө жана элдердин эркин каттоосуна жакшы шарт түздү.

Жакынкы күндөрү эле Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү эки айыл эли менен кошо Кыргызстанга өттү. Учурда  бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилгени турат.

Бирок, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин бул жолку Кыргызстанга боло турган сапарынын негизги темаларынын бири экономикалык алакалар болот деп күтүлүүдө. Жолугушуулар өткөн соң соода көлөмүнүн өсүшү, инвестициялык долбоорлордун көбөйүшү, транспорттук байланыштардын кеңейиши жана туризмди өнүктүрүү башкы багыттардын бирине айланмакчы.

Жазгүл Кенжетаева

 

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 96
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X