Тарыхый кадам. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болду
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланып, 142 добуш топтоду. Бул тууралуу БУУдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров бул окуяны өлкө үчүн тарыхый жетишкендик катары баалап, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында «Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!»-деп жазды.
Кыргызстан тарыхда биринчи жолу Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Коопсуздук кеңешинин курамында 5 туруктуу мүчө жана 10 туруктуу эмес мүчө болот. Туруктуу эмес мүчөлөр эки жылдык мөөнөткө шайланат. Буюрса, Кыргызстандын мөөнөтү 2027-жылдын 1-январынан башталып, 2028-жылдын 31-декабрына чейин уланат.