Таш-Дөбөдө мыйзамсыз сатылган 10 гектардан ашык жер аныкталды

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12

Башкы прокуратура билдиргендей, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилип, ири мыйзам бузуу аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2006-жылы Таш-Дөбө айылында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси жеке адамдарга мыйзамсыз сатылып кеткендиги белгилүү болгон.

Жыйынтыгында 9 миллиард 161 миллион 526 миң 400 сомдук жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X