Таш-Көмүргө караган беш айылдын тургундарынын талаптарын комиссия иликтейт

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 37

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов шаар тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарына караган Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай жана Кашкулак-Сай айылдарынын жашоочулары нааразычылыгын билдирип чогулушкан. Алар аталган айылдарды Таш-Көмүр шаарынан чыгарып, Ноокен районунун карамагына кошуп берүүнү өтүнүшкөн. Тургундар шаар бюджетинин таңкыстыгынан айылдардын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык өнүгүүсүнө шарт түзүлбөй жатат деген жүйөнү келтиришкен.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары чогулгандардын көтөргөн маселесин ар тараптуу иликтеп чыгуу максатында, облус башчысынын тапшырмасы менен тийиштүү кызматтардан комиссиялык топ түзүлгөнүн билдирди. Алар жеринде мониторинг жүргүзүп, жыйынтык чыгараарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган беш айыл Ноокен районунун Достук айылынан 1984-жылы Таш-Көмүр шаарынын аймагына кошулган.

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 37

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X