«Тазалыкка» 22 даана жаңы атайын техника тапшырылды

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.
Ишканага 22 даана атайын техника тапшырылды. Алардын арасында 11 даана МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, 1 даана «Шумкар» таштанды ташуучу унаасы, 5 даана «Хово», 1 даана «Дамас» жана 4 даана «Лабо» үлгүсүндөгү автоунаа бар.
Жаңы техникалар шаарды санитардык жактан тазалоо иштерин күчөтүүгө, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууга жана муниципалдык ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары, Минск шаарынан дагы 3 даана атайын техника келиши күтүлүүдө. Жетишилген макулдашууларга ылайык, аларды 15-октябрга чейин жеткирүү пландалууда.
Жаңы техникаларды кошкондо, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагындагы атайын автотранспорттун жалпы саны 400дөн ашты.
Автопарктын жаңыланышы ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, таштандыларды чыгаруунун ыкчамдуулугун жогорулатууга жана Бишкек шаарынын аймагын санитардык жактан тазалоо иштерин кыйла натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X