Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Сапардын алкагында Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Азербайжан жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат.

Жолугушууда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, мамлекеттер ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана актуалдуу маселелер талкууланары күтүлүүдө.

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X