Теңирчиликти жактаган Гүлзат Аалиева камакка алынды

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 16

Теңирчиликти жактаган Гүлзат Аалиева ИИМ тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгы маалымат булактарына билдиришти.
Ага ылайык, 19-февралда, Facebook социалдык тармагында диний жана аймактык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиевага карата чара көрүүнү өтүнгөн Д.У. аттуу жаран арыз менен милицияга кайрылган.
Арыздын негизинде «Расалык, этникалык, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталып, 47 жаштагы Гүлзат Аалиева камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында, Гүлзат Аалиеванын постторунда динге, динди кармагандарга карата чагымчылдык бар деп табылган.
Философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиева теңирчиликти жактап, Ислам динин жана мусулмандарды катуу сындап келген.

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X