Техникалык талаптарды сактабаган Нарындагы курулуш компаниясы айыпка жыгылды
Нарын облусунда курулуш иштерине жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында салынып жаткан суткалык жөнгө салуу бассейнинин (БСР) курулушун текшерген.
Текшерүүдө объектте курулуш иштери белгиленген ченемдерди жана техникалык регламенттердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы аныкталган.
Бул факты боюнча курулуш иштерин аткарып жаткан “Техно-Центр” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш тармагындагы бардык ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.