Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барып, бир катар келишимдерге кол коюу менен бирге эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.
Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер кызматташтыкка маанилүү түрткү гана бербестен, эки өлкөнүн өз ара мамилесин таптакыр жаңы, сапаттуу мазмун менен толтургандыгын канааттануу менен белгилешти.
Тар курамдагы жолугушуудан кийин Президенттер Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев Баку шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин (ЖМАК) Экинчи жыйынын өткөрүштү. Анда Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, мамлекеттик сапардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди мындан ары бекемдей турганына ишеним билдирди. Мындан сырткары Ильхам Алиев эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү тыгыз байланышта болуп, активдүү өз ара аракеттенишип, эки тарапты кызыктырган бир катар маселелер боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп турарын ырастады.
Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 20га чукул келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Иш-чарадан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.
Мамлекет башчысы: “Биз Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун келечегин талкууладык, Азербайжан тарап Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын курулушу, кыргыз тарап Агдам районундагы орто мектептин курулушу боюнча маселелерди козгодук. Мектеп куруу Кыргызстандын чыр-чатактан жабыркаган аймактарда тынчтыкты калыбына келтирүү ишине кошкон салымы болуп саналат” — деп билдирди.
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АЙКЕЛИ АЧЫЛДЫ
Эки өлкөнүнү Мамлекет башчылары Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Чыңгыз Айтматовдун эстелиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин айтты. Ал Айтматовдун адабиятка жана улуттук өзгөчөлүккө кошкон салымын, анын чыгармачылыгы Кыргызстанда жана Азербайжанда урматталышына шарт түзгөнүн баса белгиледи. Ошого катар Ильхам Алиев жазуучу менен болгон жолугушуусун эстеп, анын жарандык позициясын жана өз тамырларына берилгендигин билдирди. Ал Айтматовдун эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан жана Азербайжан элин эстеликтин ачылышы менен куттуктады.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун мурасына болгон өзгөчө жылуу мамилеси жана залкар жазуучуга арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга кошкон жеке салымы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун чоң ролун баса белгиледи.
Андан соң Президент Садыр Жапаров Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин күмбөзүнө жана Шейиттер аллеясындагы Түбөлүк отко гүлчамбар койду. Өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон Азербайжан элинин баатыр уулдары көмүлгөн Шейиттер аллеясындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюу аземине дагы катышты.
КЕЛЕЧЕК МУУНГА КАМКОРДУК
Мамлекеттик сапардын экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Физули шаарына барып, алгач калктуу конуштарды реконструкциялоонун башкы планы менен таанышты. Ошондой эле Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат.
Андан кийин Президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты. Президенттер келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүшүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти.
Эки кабаттуу мектеп 22 окуу кабинетине ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.
Зулпукаар САПАНОВ
№32 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 26-апрели