Теңир-Тоодо заманбап парк салынууда
Нарын шаарындагы Муса Жусаев паркы толугу менен реконструкцияланып, заманбап шарттары менен алдыңкы сейил багына айланууда. Учурда Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы тарабынан 52 млн 200 миң сомго атракциондор, жасалма көлмөлөр, тротуарлар, балдар оюн-зоок, спорт зоналары салынып жатат.

Мындан тышкары Нарын шаардык мэриясы тарабынан паркка насос менен суу чыгарылып, бийиктиги 48 метрди түзгөн айланма дөңгөлөк курулуп, кабиналары илинүүдө. Долбоор 2026- жылдын ноябрь айында бүтөт.
Кенже Осмоналиева