Теңир-Тоодогу тоодой иштер

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 116

Өткөн апта Нарын облусу үчүн жагымдуу жаңылыктарга бай болду. Теңир-Тоонун эли бийликтин аракети менен аймакта биринен сала бири иш жүзүнө ашып жаткан ийгиликтүү маалыматтарга “карк болушуп”, жымың эткен иштер үчүн жогорку жетекчиликке тоолук элдин ыраазы экендиктерин жүздөрүнөн эле билсе болот.

Аптанын башында Жумгал райондук прокуратурасынын жаңы салынган административдик имаратынын ачылышына жамы журт күбө болду. 17 млн, 869 миң сомго салынган жаңы имараттын ачылышына Башкы прокурор Малик Бектурганов өзү барып, заманбап мекеменин босогосун “майлап-сүттөп” кайтты. Тоолуу аймакта мыйзам көзөмөлдөөчү орган кызматкерлеринин иштөөсү үчүн көрүлгөн мындай камкордук эгемендүүлүктүн жылдарында эзели болбогондугун ар бирибиз моюнга алганыбыз жетиштүүдөй болуп турат. Теңир-Тоодогу мыйзам көзөмөлдөөчүлөргө көрүлгөн камкордук Жумгалдагы административдик жаңы имарат менен токтогон жок. Эртеси күнү Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук прокуратураларынын жаңы административдик имараттары Башкы прокурор Малик Бектургановдун жеке өзүнүн катышуусунда пайдаланууга берилди. Мындай деңгээлдеги заманбап жаңы имараттардын пайдаланууга берилиши кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, райондук прокуратуралардын ишин натыйжалуу уюштурууга, жарандарды кабыл алуунун сапатын жогорулатууга жана алардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзөөрү айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Жогорудагы 3 жаңы административдик имараттар заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иш алып баруусу жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл болгон баардык шарттар менен камсыздалган.

Теңир-Тоодогу кош саамалыктар муну менен токтогон жок. Жаңы административдик имараттардын ачылышына удаа Малик Бектурганов Ат-Башы райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн жаңыдан курулган кызматтык үйдү ачты. Бийликтин мындай камкордугунан соң прокуратура кызматкерлеринин алдында эми эл үчүн абийирдүүлүк менен иштөө милдети гана калды.

Эсиңерде болсо, буга чейин Теңир-Тоодо борбордук бийликтин аракети астында Нарын облустук, райондук жана шаардык прокуратуралардын жаңы административдик имараттары ачылган. Ал эми 2022-жылы Кочкор райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратына удаа андагы иштеген кызматкерлер үчүн эки кабаттуу кызматтык турак жайдын ачылышы болгон. Ошентип, Теңир-Тоодо иштеген мыйзам көзөмөлдөөчү “көк формачандарга” карата зарыл болгон шарттардын дээрлик баардыгы түзүлгөн чагы. Эми Башкы прокурор Нарын облусундагы аймактык бөлүмдөргө кабатыр болбой, көңүлү ток тейде өлкөбүздүн башка региондорундагы көйгөйлөр менен алпуруша берсе болчудай.

Бийликтин жалпы күч органдары менен коопсуздук тармагынын кызматкерлерине көргөн камкордугун ушундан билиңиз, шарты катаал Нарын облусундагы аскердик комиссариаттары менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин административдик аймактык бөлүмдөрүнүн, РИИБ менен УКМКнын административдик бөлүмдөрүнүн дээрлик 90%нын жаңыланганы боюнча алдыда кененирээк сөз кылууга аракет кылмакчыбыз.

Калыгул Бейшекеев

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X