Теңир-Тоону изилдеген венгриялык окумуштуунун мурасы көргөзмөгө коюлду
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде венгриялык географ жана изилдөөчү Дьюла Принцтин Теңир-Тоого жасаган алгачкы экспедицияларынын 120 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.
Иш-чарага музейдин директору Назгүл Омурзакова, Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, тарыхчылар жана окумуштуулар катышты.
Экспозицияда Дьюла Принцтин 1906 жана 1909-жылдардагы Теңир-Тоого жасаган экспедициялары чагылдырылып, анын кол жазмалары, сүрөттөрү жана панорамалык чиймелери көргөзмөгө коюлган. Окумуштуу ошол мезгилде болжол менен 280 миң чарчы чакырым аймакты картага түшүргөн.
Көргөзмө Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги менен Улуттук тарых музейинин кызматташтыгында уюштурулуп, 6-сентябрга чейин уланат.