«Tez Jet» авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда “Манас” эл аралык аэропортунда авиакомпаниянын Бишкек–Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан аба кемеси менен авиациялык окуя катталган. Окуядан кийин агенттик анын жагдайларын расмий иликтөөгө киришкен.
Ошондой эле Tez Jet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиация мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталып, алардын учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз терс таасир тийгизери белгиленген.
Аталган мыйзам бузуулардын негизинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Агенттик учуулардын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгилеп, авиакомпаниянын аталышына, тарыхына же рыноктогу ордуна карабастан, коопсуздукка тобокелдик жараткан бардык эксплуатанттарга карата мыйзам чегинде принципиалдуу жана катаал чаралар көрүлөрүн билдирди.