Tez Jet учагындагы окуя. Жабыркагандар жок, комиссия түзүлөт
«Манас» эл аралык аэропортунан учууга камынган Tez Jet авиакомпаниясынын учагы учуп чыгаар алдында техникалык мүчүлүштүккө кабылып, анын арткы шассилеринин бири жабыркады. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, шассинин бузулушунан улам учак сол канатына жантайып, учуп-конуу тилкесинде токтоп калган. Мекеменин маалыматына караганда, учак кыйраган эмес. Окуя болгон жерде өрт коопсуздугу кызматкерлери иштеп, авиациялык күйүүчү майдын агып кетиши катталган.
Учурда учактын бортунда болгон 181 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү коопсуз эвакуацияланды. Жабыркагандар жок. Зарыл болгон жүргүнчүлөргө аэропорттун биринчи кабатындагы медициналык пунктта алгачкы жардам көрсөтүлүүдө.
Окуяга байланыштуу учак учуп-конуу тилкесинде тургандыктан, аэропортко каттамдарды кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу токтотулду. Учак эвакуациялангандан кийин аэропорттун иши кадимки тартипте жанданары маалымдалды.
Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.
Ал арада учактын жүргүнчүлөрүнүн бири Аман Ибраев социалдык тармактагы билдирүүсүндө окуядан кийин салондо дүрбөлөң чыкканын айтты. Анын айтымында, өзгөчө улгайган жүргүнчүлөр катуу чочулаган.
«Канаты менен шассиси жабыркап, авиациялык керосин төгүлдү. Эң башкысы – аман калдык. Эгер мындай абал Ошко конуп жатканда болсо эмне болмок? Мен кызым менен бара жаткам, абдан корктук», – деп жазган ал.