Тигүү ишканалары үчүн салыктар жана төгүмдөр жеңилдетилет (видео)

9-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Ала-Тоо LIVE программасына берген маегинде маалымдагандай, Кыргызстанда тигүү ишканаларынын бардык категориялары үчүн бирдиктүү шарттарды түзө турган мыйзам долбоору даярдалып жатат.

Кубанычбек Ысабековдун айтымында, жаңы эрежелер тигүүчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзөт. Камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык акынын 40%ынан 12% өлчөмүндө эсептелип, орточо 2 200 сомдун тегерегин түзмөкчү. Мындан тышкары, белгилүү бир мөөнөткө киреше салыгынан бошотуу да киргизилиши мүмкүн.

«Бул тигүүчүлөрдү оор мезгилде колдоого алып, бизнесин мыйзамдаштырууга түрткү берет», — деди төраганын орун басары.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров тигүү тармагынын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоого багытталган «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Анын алкагында тигүү тармагын жана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүүгө багытталган төмөнкү негизги чаралар каралган.

– салыктык жана камсыздандыруу жүгүн азайтуу;

– тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын азайтуу;

– тигүү өнөр жай ишканалары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү;

– чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын азайтуу;

– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө;

– чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлүүчү транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө.

9-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X