Тигүү тармагындагы кызматкерлер үчүн төлөмдөр 3–4 эсеге кыскарды
Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн милдеттүү төлөмдөр 2,5 миң сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мурда кызматкерлер үчүн төлөнүүчү киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү алардын категориясына жараша 5,5 миң сомдон 9,5 миң сомго чейин жеткен. Тармак өкүлдөрүнүн сунуштарынан кийин бардык категориялар бириктирилип, төлөм 2,5 миң сом болуп белгиленди.
“Мунун натыйжасында төлөмдөр 3–4 эсеге азайды”, — деди Кубанычбек Ысабеков.