Тилек Кыдыкеев Шаар куруу жана архитектура департаментинин жетекчиси болду

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп Тилек Кыдыкеев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн, 7-июлда, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган жетекчини департаменттин жамаатына тааныштырып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.

Тилек Кыдыкеев курулуш тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ адис. Буга чейин ал Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Жаңы жетекчинин алдында шаар куруу саясатын өнүктүрүү, архитектуралык стандарттарды жакшыртуу жана тармактагы ишмердүүлүктү натыйжалуу уюштуруу багытындагы милдеттер турат.

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X