Тилек Текебаев: «Баарыбыз эле башчы болгубуз келет»
Жалал-Абад облусунда жумуш орундары жетиштүү болгонуна карабастан, адистердин жана жумушчулардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, аймакта жаңы өндүрүш ишканалары ачылып, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан шартта да эмгек рыногунда жумушчу күчүнө болгон суроо-талап жогору бойдон калууда. Өзгөчө курулуш тармагында жана муниципалдык кызматтарда кызматкерлер жетишпей жатат.
Текебаев белгилегендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасы жана курулуш уюмдары жумушчуларды активдүү издеп жатканына карабастан, бул тармактарга кызыккандар аз болууда. Анын пикиринде, көпчүлүк жарандар жөнөкөй эмгекке эмес, жетекчилик кызматтарга көбүрөөк умтулушат.
«Баарыбыз эле кабинетте отуруп, башчы болуп иштегибиз келет. Бирок ар бир адам эмгектин негизин билиши керек», — деди өкүл.
Ал ошондой эле жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам айрым курулуш жана өндүрүш ишканалары чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Пакистан жана Индиядан келген жумушчуларды тартууга аргасыз болуп жатканын айтты. Текебаевдин сөзүнө караганда, бул процесс кошумча административдик жол-жоболорду талап кылат.
Облустук бийлик өкүлү жергиликтүү тургундарды эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга жана өндүрүш менен курулуш тармактарында иштөөгө чакырды.