Тилек Текебаев катышкан жолугушууда 111 маселе көтөрүлдү

12-май, 2026-ж. / Редакция / Аймак 193

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. {{ item.title }}

Жолугушууга 320дан ашуун тургун катышып, 111 маселе көтөрүлдү. Иш-чарага облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.  5 саатка жакын созулган жолугушууда тургундар негизинен таза суу, турак жай, жер тилкелери, ички жолдор, мектеп жана бала бакча куруу, социалдык колдоо жана жөлөк пул маселелерин көтөрүштү. Мындан тышкары, айрым жарандар жеке укуктук көйгөйлөрү боюнча да кайрылышты.{{ item.title }}

Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында турак жайларга жана үлүштүк жерлерге кенемте төлөө маселеси талкууланды. Тургундар бул багыттагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  зарыл экенин айтышты. Мындан сырткары, темир жол жана аэропорт тармагына адистерди даярдоо, жаштарды кесиптик окутуу жана ички коммуникация маселелери да көтөрүлдү. {{ item.title }}

Тилек Текебаев көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынарын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Айрым көйгөйлөр жеринде чечилип, кошумча тактоону талап кылган жагдайлар  мыйзам чегинде каралары айтылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X