Тилек Текебаев Ноокендеги сел каптаган аймактарды кыдырды
Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Ноокен районунда селден жабыркаган аймактарды кыдырып, кырдаал менен таанышты.
Облус башчысы сел каптаган турак жайларды, социалдык объектилерди көрүп, жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Ал тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин тез арада жоюу, жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүү жана келтирилген чыгымды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Маалыматка караганда, 13-июлда саат 19:30 чамасында Ноокен районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 417 үйдүн короосун суу каптап, 80 турак жайдын ичине сел суусу кирген.
Мындан тышкары, 4 коомдук тамактануучу жай, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай, 1 мечит жана 1 бала бакчанын короосу жабыркаган.
Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 350 кызматкер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 101 куткаруучу тартылган. Жалпысынан 451 адам жана 22 атайын техника тазалоо иштерине катышууда.
Адистер турак жайлардын, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймактарын сел калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.