Тилек Уметалиев: “Мыйзамсыз курулуштарга жол бербейбиз”
— Тилек Салмоорбекович, оболу жарк эткен жаңылыктардан сөздү баштасак…
— Жакшы болот. Кийинки кезде мал базарлардын тегерегинде талаш-тартыштар көп орун алып жатат. Анткени, мал базарлардын шарт-жагдайлары өтө начар абалда. Заманбап куруу иштерине мал базарлар суусаганы качан? Баш аламандыктан чыгуу учур талабы. Эл үнү текке кетпей, жооптуу инстанцияларга жеткендиктен мал базар маселеси жер-жерлерде чечиле баштады. “Баарын коюп, Манасты айт” демекчи, борбордук Калинин көчөсүнө жакын жерден базарга ылайыктуу жер табылды. Учурда трансформациялоо иштери илгерилеп, эскиздери чийилип жатат. Буюрса элдин талабына жооп берерлик мал базарына жетебиз. Сатуучулар үчүн да, алуучулар үчүн да шарттар жарашат. Базар баралына чыгат. Чыла, чаң кечкен кездер биротоло алыстайт. Мал базар жалпы райондун жашоочуларына ыңгайлуу жайлардын бири болуп калат.
Жакында автомашиналарды чыгаруучу заводду ачтык. Тетиктер башка жактан келгени менен бул жерде жыйналып, жаркырап жаңы автомашиналар сатыкка чыгат. Биздин келишим боюнча макети борбордо чийилип, жаркырап курулуп бүттү.
Өзбек бир туугандар менен биргеликте ушундай өндүрүштүк ишкананы ачып, жаңы жумуш орундары пайда болуп, ээсин тапты. Кореялыктар да башында туруп, куруунун купуя сырын үйрөтүшүүдө. Мындан эл аралык алака жана мамилелердин жакшырганын билебиз.
— Баш аламан, мыйзамсыз курулган жайлардын азабын жакшы эле тарттык. Мына ушундай кемчиликтерден четтөө аракеттери сиздерде жакшы жолго коюлуп жатыптыр. Үзүрүн берип жатабы?
— Сиздин айтканыңызда чындык терең бар. Өлкөбүздүн кайсы гана аймактарына баш бакпайлы, мыйзамсыздык менен курулган курулуштар бузулуп жатат. Мыйзам чегинде курулуштар кулач жайды. Кыргызстандын тарыхында курулуш жана архитектуралык тармактар мурда болуп көрбөгөндөй көкөлөп жатат. Чар тарапта көп кабаттуу үйлөр, завод-фабрикалар баш болгон объекттер арбын курулууда. Экономикабыздын чыңдалышына куруучулардай салым кошкон тармактар сейрек. Курулуш тармагы тамырын бардык жерде кенен жайды. Тээ союз мезгилинде айыл-кыштактарды шаарга айлантуу боюнча тилектер айтылар эле. Мына ошол тилектер эми гана биздин өлкөгө жетти десек болот. Сурооңузга ток этер жооп айтсам, бизге келген кардарлардын там салышына тилектешпиз. Кечээгидей өзүм билемдик четке кагылган. Азыр турак жайларды курдуруучунун жери коопсузбу? деген суроого жооп издейбиз. Газ жана сантехникалык жабдуулар, ирригациялык курулмалардан оолакпы, курууга толук жооп береби деген суроонун үстүндө архитекторлор, санэпидстанциянын өкүлдөрү баш болгон тийиштүү инстанциялар биригип гана бир чечимге келгенде турак жай курууга жол берилет. Ток этери, мындан ары мыйзамсыз курулган курулуштар сейректеп, кемчиликтер четтейт.
Айыл аралап заманбап турак жайларды көрүп, чынында көңүлүң көкөлөйт. Шаарга айланып баратканыбызга көзүбүз жете баштады. Бакыт издеп алыскы өлкөлөргө кеткен жаштарыбыз айылына кайта баштады. Жумушсуздук кыскарууда. Курулуш тармагында иштеген миңдеген мекендештерибиздин мээнеттери жанууда.
Биздин мекеме райондун турмушунда болгон бардык майрам, салтанаттардан четте калбайт. Мына кечээ эле Улуттук тилибиздин майрамдык салтанатына катышып, сыйыбызды көрсөтүп келдик. Ар дайым элибиздин ийгиликтери менен биргебиз.
Айтайын дегеним, жыл аягына чейин дагы убакыт бар. Биз 9 айлык план-милдеттерибизди 90%га аткарып койдук.
— Алдыда кандай максаттарыңыздар бар?
— Айыл арасында соода борборлорун курган жеке ишкерлер көбөйө баштады. Заманбап макет жана эскиздер менен камсыз кылып жатабыз. Мына ушундан эле жашообуз жакшыра баштаганын билебиз.
Биздин башкы максат – ар бир айылыбыздын кире беришине стелаларды орнотуу болуп саналат. Кандай жасасак деген максатты талкуулап, түсүн Сары-Өзөн Чүйдүн түсүндөй түрдөнсөк дегендей чечимге бекидик. Буюрса ар бир айылдын башына стелалар орнотулат.
Максатыбыз арбын. Турмуш жакшырган сайын курулуштар кулач жая берери анык.
Москва району аты затына жарашкан райондордон болоруна биз куруучулар салымыбызды кошо бермекчибиз.
Айчүрөк Макешова