ТИМ Германиядагы кыргызстандык жарандар боюнча маалыматтарды тактоодо

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Тышкы иштер министрлиги Германияда Samara Academy программасы аркылуу барган кыргызстандык жарандарга байланыштуу маалыматтарды текшерип жатат.

ТИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте жарандардын укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жана социалдык тармактарда 150гө жакын студент кыз Германияга иштөө үчүн барып, жумуш жана жатакана маселесине туш болгону тууралуу маалыматтар тараган.

Министрлик жагдай такталгандан кийин кошумча маалымат берилерин билдирди.

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X