Тимур Ногоев, Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы: Долбоорлор ишке ашып, ийгиликтер жаралууда
Жайылма айыл аймагы Чүй облусунун чыгыш тарабында жайгашып, аймак чыгыштан Кант шаары, батыштан Узун-Кыр айыл аймагы менен чектешет. Айылдык аймактын борбору – Новопокровка айылы. Облустун борборунан 12 чакырым, борбор калаадан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл аймагы 2024-жылы уюштурулган.
Жайылма айыл аймагы 6 айылдан турат. Алардын катарына Новопокровка, Чоң-Далы, Туз, Төмөнкү Серафимовка, Дайырбек, Жайылма айылдары кирет. Жалпы аянты — 8077,3 гектар. Деңиз деңгээлинен 749,8 метр бийиктикте жайгашкан тоолуу аймак. Климат континенталдык кургак. Айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Жайы кургак жана ысык, кышы суук. Жаз жана күз мезгилдери жаанчыл болуп тургандыктан айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө кыйла кыйынчылыктар жаралып турат.
Чүй облусундагы Ысык-Ата районундагы Жайылма айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалы, айыл тургундарына көрсөтүлгөн көмөк, жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган олуттуу иштер тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Ногоев Тимур Дүйшенбекович менен маек курдук.
— Тимур мырза, азыр жаш муундарга татыктуу тарбия берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Сиздердин аймакта бул маселе боюнча кандай жаңылыктар бар?
— Азыр бизде негизги көңүл аймагыбыздагы бала бакчаларга, орто мектептерге бурулууда. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттардан мүмкүн болушунча аянбай, билим берүү тармактарын талаптагыдай шартта кармап туруу үчүн тиешелүү каражаттарды бөлүп берип жатабыз. Жылдын башынан тартып билим берүү тармагына 23 774,5 миң сарпталды. Маселен №2 Н.Баранов атындагы орто мектебине – 10487,2 миң сом, К. Маликов атындагы орто мектебине – 4886,3 миң сом, А.Айталиев атындагы орто мектебине – 2243,4 миң сом, №4 башталгыч мектебине – 6157,6 миң сом жумшалып, мектептердин кем-карчтарын чечүүгө жетиштик.
Новопокровка айылында жайгашкан №4 башталгыч мектептин айланасы курчалды. Ал иш үчүн Ысык-Ата райондук фонду тарабынан –1 145,4 миң сом, жергиликтүү бюджеттен – 1 600,0 миң сом сарпталды. Ушул эле мектепке 3185,2 миң сомго көлөкө чатыр жабуу иштери жүргүзүлдү. №2 Н.Баранов атындагы орто мектебине 84,9 миң сомго тиричилик техникалары сатылып алынып, 3185,2 миң сомго мектепте көлөкө чатыр жабуу иштери жүргүзүлдү. Жогоруда көрсөтүлгөн 2 мектепке 1377,0 миң сомго көмүр отуну алынды. Чоң-Далы айылындагы К.Маликов атындагы орто мектебинин алдын жакшыртуу иштери үчүн 1237,7 миң сом жана мектептин тамактануу блогун оңдоо иштери 440,0 миң сомго жүргүзүлгөн. Туз айылындагы А.Айталиев атындагы орто мектебинин спорт залынын эшиги жана кабинеттеринин эшиктери 58,9 миң сомго жаңыртылды. Айыл аймактагы мектептер үчүн азык-түлүк жана шаймандарды сактоочу 3 даана контейнер 685,0 миң сомго сатылып алынды. Ар биринин сыйымдуулугу 40 тонна. №4 башталгыч мектебине жана Туз айылынын А.Айталиев атындагы маданият үйүнө 2057,3 миң сомго 4 очоктуу санитардык түйүндөр (дааратканалар) курулду.
Новопокровка айылындагы “Алтын балалык” бала бакчасына локалдык түйүн жана видео байкоолор 546,9 миң сомго орнотулду. Туз айылындагы «Алтын Балаты» балдар бала бакчасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 78 миң сомго 23 даана жылыткыч жана муздаткыч, кир жуугуч машина, электр плитасы 88,4 миң сомго компьютер принтери менен камсыз болду. Бала бакчалар, мектептер үчүн жаңы жылдык жасалгалар жана костюмдар сатылып алынды. Новопокровка, Чоң-Далы, Нижняя -Серафимовка айылдарында балдар аянтчалары 188 400 сомго орнотулду.
— Маданият тармагына кандай көңүл бурулууда?
— Акыркы жылдарда маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Маселен, Чоң-Далы айылындагы маданият үйүнө 10 комуз, Туз айылындагы маданият үйүнө 20 комуз, №4 башталгыч билим берүү мектебине 10 комуз 97,800 сомго алынып берилди. Чоң-Далы айылында жайгашкан маданият үйү 644 400 миң сомго толук капиталдык оңдоодон өттү. Андан тышкары ушул эле клубдун тегереги 411 300 сомго толугу менен курчалды.
— Социалдык тармакта жасалып жаткан иштерге токтолуп өтсөңүз…
— Ооба, ар жылы калкыбыздын жардамга муктаж катмарына ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп турабыз. Карылар күнүнө карата 70 жаштан 80 жашка чейин 518 адамга 1500 сомдон, 90 жаштан жогору 11 адамга 3000 сомдон, ошондой эле жаңы жылдык майрамга карата 187 даана жаңы жылдык белектер даярдалды. Бул белектер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана мектепте жакшы окуп, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган окуучуларга тапшырылды.
— Айыл аймактын инфраструктурасын заман талабына жараша жакшыртуу үчүн кандай иштерди жасап жатасыздар?
— Новопокровка айылында Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте ФАП курулуп пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бюджеттен ички жасалгаларына – 2200,9 миң сом сарпталды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 326,8 миң сомго 300 метр 160 диаметрдеги труба сатылып алынып, Төмөнкү-Серафимовка айылынын Подгорная көчөсүнүн суу түтүктөрү алмаштырылды. Жумушту “НОРУС” муниципалдык ишканасы аткарды. Новопокровка айылынын Линейный жана Южный көчөлөрүнө узундугу 2 чакырым болгон суу түтүкчөлөрү өткөрүлдү, бул иштерди демөөрчүлөр жана «НОРУС» муниципалдык ишканасы колго алды. Желди-Суу жолундагы 2 чакырымдагы суу түтүкчөлөрүн жылдыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен суу трубалары – 1498,0 миң сомго жана 2 тонна күйүүчү май – 136,1 миң сомго алынды. Туз айылынын көрүстөнүнө баруучу жолго 1014,3 миң сомго, Новопокровка, Жайылма жана Туз айылдарында 6247,7 миң сомго таман таш төшөө боюнча иштер жүргүзүлдү.
Новопокровка айылындагы Бирюкова көчөсү 2095,1 миң сомго асфальт төшөлдү. Туз айылындагы Келечек, Ынтымак көчөлөрүнө 1594,0 миң сомго 2 трансформатор орнотулду. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл Мурас» улуттук компаниясын ийгиликтүү өткөрүү үчүн, Туз айылында 1594,0 миң сомго Тянь-Шянь карагай көчөттөрү толугу менен курчалды. Новопокровка айылында урап калган клубдун ордуна сквер куруу пландалууда. Азыркы учурда долбоор даярдалып иш башталды. Сметалык иш кагаздары Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына даярдоо үчүн жөнөтүлгөн. «Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде айыл аймактагы 4 орто мектебине, 3 бала бакчага, Ленин көчөсүнө 832,3 миң сомго камералар орнотулду.
Кара-Булуң айылына жана 2 дачага 3,5 км аралыкка таза сууну булактан ичүү үчүн суу түтүктөрү тартылды. Сугат жерлерди суу менен камсыз кылыш үчүн 100 га айдоо сугат жерлерине эскилиги жеткен арыктар тазаланып, иретке келтирилди.
— Жаштардын ден соолуктарын чыңдоодо кандай камкордуктарды көрүп жатасыздар?
— Бул багытта Чоң-Далы айылында спорттук комплексине аймактагы ар кыл курактагы адамдар машыгып жатат. Өспүрүм балдардын ар кандай машыгуулары үчүн эмеректерди сатып алып бердик. Бул ишибиз машыгуу базасын кеңейтүү максатында жүргүзүлдү. Азыр биздин чоң максаттарыбыздын бири – жаш балдарга татыктуу тарбия берүү, алардын мыкты инсандардан болуп калыптануусу үчүн колдо болгон аракеттерди жасоо. Ошондуктан бөтөнчө көңүл буруп жатабыз. Ар мүнөт сайын алга карай умтулуулар, жаңылануулар күч алган убакта балдардын жаңы технологияларга, билимге болгон кызыгууларын жандандырып туруу үчүн аракеттер жасалууда. Талапка жараша деңгээлдеги билим алган жаштарыбыз биздин келечегибиз эмеспи. Төмөнкү Серафимовка айылында айыл өкмөтү, демөөрчүлөрдүн жардамы менен футбол аянтчасын куруп, колдонууга өткөрүп берди.
— Калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн келечекке кандай максаттарды коюп жатасыздар?
— Алдыбызда аткара турган иштерибиз абдан көп. Маселен ушул жылы аймагыбыздын ички жолдоруна шагыл төшөө иштерин жүргүзүү, «Жашыл Мурас» улуттук программасынын алкагында айыл аймакты жашылдандыруу, таза суу менен камсыз кылган скважиналардын айланасын курчоо, айыл өкмөтүнүн имаратына газ тартуу, айыл аймакка 12 видеокамераларды орнотуу, Туз айылындагы “Алтын Балаты” бала бакчасында оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Андан сырткары, айыл аймакка караштуу билим берүү мекемелердин муктаждыктарын камсыздоо, А.Айталиев жана К.Маликов атындагы орто мектептерге даараткана куруу, А.Айталиев атындагы орто мектебинин 1-кабатын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жасалууда.
Чоң-Далы айылындагы, Жайылма айылындагы ФАПтардын муктаждыктарын камсыздоо, Новопокровка айылында жаңы салынган ФАПтын ачылышы, Туз айылындагы А.Айталиев атындагы маданият үйүнө көлөкө чатырларын орнотуу, Новопокровка айылындагы эски клубдун ордуна сквер куруу, Төмөнкү Серафимовка айылындагы китепканасында оңдоо иштерин жүргүзүү, Новопокровка айылында жайгашкан №4 жалпы билим берүү мектебине футбол талаасын куруу, А.Айталиев жана К.Маликов атындагы орто мектептердин футбол стадиондорун капиталдык оңдоо иштерин колго алышыбыз керек.
Жайылма айыл аймагындагы көп балалуу үй-бүлөлөргө, аз камсыз болгон, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө материалдык жардам берүү, жакырчылыктан чыгаруу аракеттерин жүргүзүп жатабыз.
— Тимур мырза, маанилүү маегиңиз үчүн чоң ырахмат, иштериңизди ийгиликтер жылоолой берсин!
Каарманыбыз Тимур Ногоев эл ишенимин туу тутуп, алардын айыл аймагы менен байланышкан үмүттөрүн, максаттарын ишке ашырып, калкына кызмат кылып жатат. Тимур мырзанын жетекчилиги астында көптөгөн долбоорлор ишке ашып, аймак элинин кубанып турчу күндөрү алдыда.
Раиса Дүйшөнбекова