Тимур Саралаев, политолог: Кытай менен кызматташуудагы негизги критерий — Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгы акыркы жылдары коомдук талкуулардын борборунда болууда. Айрымдар Кытайдын таасиринин күчөшүн кооптуу көрүнүш катары бааласа, башкалар аны өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк катары көрүшөт. Политолог Тимур Саралаев бул маселеде эмоцияга эмес, прагматикалык мамилеге таянуу керектигин айтып, Кытай менен кызматташуунун негизги критерийи  Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы болушу керектигин белгиледи.

– Тимур Өмүрбекович, «Кытай Кыргызстанды басып кетти» деген пикирлер социалдык тармактарда көп айтыла баштады. Бул сөздөрдө чындык барбы же көбүнчө эмоцияга негизделген пикирлерби?

– Менимче, бул көбүнчө эмоцияга жана саясий манипуляциялык риторикага негизделген пикирлер. Кытай бүгүн дүйнөдөгү эң ири экономикалык державалардын бири болгондуктан, анын таасири көп өлкөлөрдө сезилет. Бирок, экономикалык кызматташтыкты мамлекеттин көз каранды болуп калышы менен теңештирүүгө болбойт.

Кыргызстан үчүн негизги маселе  Кытай менен кызматташуу эмес, ошол кызматташуудан өлкө канчалык деңгээлде пайда алып жатканында. Эгер долбоорлор экономикага салым кошуп, жумуш орундарын түзүп, инфраструктураны өнүктүрүп жатса, анда анын мааниси чоң.

Кытай жарандарынын Кыргызстандагы саны жана алардын ишмердүүлүгү боюнча чыныгы абал кандай? Кооптонууга негиз барбы?

– Бул тема боюнча так маалыматка караганда ар кандай ушактар көбүрөөк айтылып келет. Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандары негизинен инвесторлор, инженерлер, куруучулар, ишкерлер жана туристтер.

Албетте, мыйзамдардын сакталышы, миграциялык көзөмөл жана эмгек талаптары так болушу керек. Бирок, ар бир чет өлкөлүктү потенциалдуу коркунуч катары кабыл алуу туура эмес.

Кытайлык инвесторлордун келиши Кыргызстандын экономикасына кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат? Эл кандай пайда көрүп жатат?

– Кыргызстан үчүн инвестиция эң биринчи кезекте жаңы өндүрүш, жумуш орундары, салыктар жана инфраструктура дегенди билдирет. Бирок, инвестициянын чыныгы пайдасы анын көлөмү менен гана эмес, анын натыйжасы менен бааланышы керек.

Башкача айтканда, канча кыргызстандык жумуш менен камсыз болду, канча салык түштү, кандай технологиялар келди  негизги көрсөткүчтөр ушулар.

Кытайдын эмгек маданиятынан, технологиясынан жана өндүрүш тажрыйбасынан жаштарыбыз эмнени үйрөнүшү керек?

– Биринчи кезекте тартипти, убакытты баалоону жана үзгүлтүксүз эмгектенүүнү үйрөнүшүбүз керек. Ошондой эле инженердик билимди, жаңы технологияларды өздөштүрүүнү жана өндүрүштү туура уюштурууну өнүктүрүү маанилүү.

Биз даяр товарды гана сатып алган өлкө болбостон, өзүбүз өндүргөн деңгээлге жетишибиз керек.

Кытайлык инвесторлордун катышуусунда ишке ашырылып жаткан кайсы долбоорлор өлкө үчүн маанилүү деп эсептейсиз?

– Стратегиялык мааниси боюнча эң ири долбоорлордун бири — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Бул долбоор Кыргызстанды аймактык логистиканын маанилүү бөлүгүнө айландырууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бирок, анын пайдасы темир жолдун өзүндө гана эмес. Анын айланасында өндүрүш, логистика жана кайра иштетүү тармактары өнүгүп, кошумча экономикалык мүмкүнчүлүктөр түзүлүшүндө.

Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы дагы кайсы тармактарда кеңейсе, эл көбүрөөк пайда көрөт?

– Менимче, өндүрүш, энергетика, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистика жана жогорку технологиялар багытында кызматташтыкты күчөтүү зарыл. Кыргызстан чийки зат экспорттогон эмес, кошумча нарк жараткан экономикага айланышы керек. Ошондо кызматташтыктын негизги пайдасын мамлекет да, жарандар да көрөт.

Эң башкысы,  Кытай менен мамиледе ашыкча идеалдаштыруудан да, негизсиз кооптонуудан да алыс болуу керек. Мамлекеттер аралык кызматташтык эмоцияга эмес, прагматикалык кызыкчылыкка негизделиши зарыл. Кыргызстан үчүн эң башкы критерий  ар бир долбоор өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына, экономикалык өсүшүнө жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга кызмат кылышы керек.

Чынайым Кутманалиева

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X